Бул жолу SUPER KG порталынын YouTube каналына ырчы, тик-ток жылдызы жана блогер Салтанат Шекенова болду. Ал өзүнүн учурдагы жашоосу, алдыдагы максаттары жана өткөн турмуштун оор кезеңдери тууралуу маек курду. Баарлашуу учурунда ага карата айтылган жаман комментарийлерге башында кыйналып, ооруп жүргөнүн ал эми азыр маани бербей турганын айтты.
Ошондой эле Шекенова жашоонун баркын билүү үчүн жашоодо өйдө-ылдый болуп туруу керек экенин кошумчалаган.
"Адамдын жашоосунда өйдө-ылдый болуп туруш керек экен, ошондо гана жашоонун таттуусун билесиң. Жашооң дайыма эле өйдө болуп, элдин баары сенин көзүңдү карап турса, сен ошого көнүп каласың. Ошондуктан кээде өйдө-ылдый болуп турса, баягы жашооңду эстегенде Кудайга шүгүр дегенди үйрөнөт экенсиң", - деген ал.
Маек учурунда Салтанат Шекенова ажырашканына 12 жыл болгонун, кайрадан турмуш куруудан корко бере турганын айткан.
Толугу менен SUPER KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.