Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жайлардын акысын саатына жараша көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы унаа токтотуу жайлары үчүн сааттык төлөм киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү документ Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.

Калаа башкармалыгынын сунушуна ылайык, шаардын борбордук бөлүгүнө унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, анын кызматтык акысы биринчи сааты үчүн 25 сомдон башталат. Андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин көтөрүү каралган.

Мэрия бул демилге шаардагы унаа токтотуучу жайларды иретке келтирип, тыгындарды жана жол кырсыктарды азайтат деп эсептейт.

"Шаарда токтомолордун жана унаа коючу жайлардын натыйжалуу сиситемасынын жоктугу унаа тыгындарына, каршы тилкеге чыгууга жана башка жол эрежелерин бузууга алып келип жатканын белгилейбиз. Көзөмөлгө алынбаган токтомолор транспорт каражаттарынын ашыкча агымын пайда кылууда. Айдоочулар унааларын жолдун четине таштап кетишип, ыңгайсыз абал жаралууда. Ошондуктан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн унаа коючу жайларды уюштурууну карап чыгуу зарыл. Акы төлөнүүчү токтомолорду түзүү тартипке келтирүүнүн негизги механизмдеринин бири болуп саналат", - деп айтылат документтин негиздемесинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан