Бүгүн, 20-августта Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетсе, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз +27…+32
Таласта күндүз +24…+29
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +30…+35
Ысык-Көл жергесинде күндүз +21…+26
Нарында күндүз +22…+27 градус жылыйт.
Бишкек шаарында күндүз +30…+32 градус болот.