Кымбат баалуу кийим, гаджеттерге кызыкпайт. Түркиялык актриса Неслихан Атагүл тууралуу фактылар

Көпчүлүк сүйүп көргөн "Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы башкы каармандын ролун жараткан Неслихан Атагүл бүгүн, 20-августта 32 жашка толду. Ал Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Актриса карапайым үй-бүлөдө чоңойгон, атасы айдоочу, апасы көпчүлүк түрк айымдарындай эле үй кожойкеси болгон.

Чыгармачылык жолу...

Апасы кызынын талантын байкап, Неслиханга дайыма колдоо көрсөтүп турган. Ошентип кичинекей кезинде ал актрисалыкка жетүүнү алдына максат кылып койгон. Болочоктогу актриса сериалдарды кууп көрүп, актрисаларды туурап тасмага тартылгысы келчү. Анын карьерасы алгач жарнамалык роликтерге тартылуу менен башталган. 2006-жылы 13 жашында алгачкы ирет "Биринчи сүйүү" аттуу тасмага тартылып, жергиликтүү кинофестивалда "Келечектен көптү үмүттөндүргөн актриса" наамына арзыган. Актрисалык дареметин көргөн киносынчылар Неслиханды бир ооздон келечекте башкы ролго татыктуу актриса болот деп жоромолдошкон. Ошентип 2008-2009-жылдары Неслихан "Күзгү жалбырактар" сериалынын 34-сериясына катышкан. Ал эми 2011-жылы сүйүүнү даңазалаган "Жүрөгүм сени тандады" тасмасынын ажарын ачкан. 2013-жылы Неслихан Атагүл "Стамбулдун эки жүзү" сериалында баш каармандын ролун ойноого сунуш алган. Бүтүндөй Түркияга "Жашоо улана берет" тасмасындагы башкы каарман Элифтин ролу менен таанылган. Жаш болгонуна карабай 2012-жылы тартылган "Кат" тасмасындагы Зехранын ролу үчүн ата мекендик жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

Актрисанын жылдызын ачкан "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы...

Неслихандын ийгиликтүү тасмаларынын бири 2015-2017-жылдары тартылган "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы. Анын аталган тасмадагы каарманынын милдети – телекөрүүчүлөргө ийгиликтүү, бай адамдардын да көйгөйү бар экенин, көпкө күттүргөн бакытка тоскоолдуктар аркылуу жетерин көрсөтүү эле. Көрүүчүлөр анын сүйүүсүнө күбө болуп, ал ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп келишет. Өнөктөшү Бурак Өзчивит менен сүйүү түбөлүктүү болорун далилдеп, сериалдын планында жок 2-сезонун тартууга түрткү болушкан. Эң башкысы, бул сериал сулуулугу менен таланты жуурулушкан Неслиханды дүйнөгө таанытты. "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Американын Нью-Йорк шаарында өткөн "Эмми" эл аралык сыйлыгынын 45-тапшыруу аземинде "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыган. Актриса ал тасмадан кийин дагы бир нече сериалдарга тартылууга жетишти.

Сүйүүсүн тасмадан тапкан...

Көк көзү менен популярдуу болгон түрк актрисасы учурда түрк киносунун бермети аталып жаткан кези. Жаш актрисанын жеке жашоосу да ийгиликтүү болду. "Стамбулдун эки жүзү" сериалы Неслиханды болочоктогу жолдошу Кадир Догулу менен жолуктурган. Тасмада сүйүктүүлөрдү ойногондор сезимдерин сериалдан тышкары да улантып, 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп 2016-жылы 8-июлда баш кошушкан.

Актрисалыктан тышкары...

Ошондой эле Неслихан Атагүл актрисалыктан тышкары моделдик кесибин дагы улантып келет. Ал келбетине өзгөчө көңүл буруп, тамакты мүнөздөп жеп, йога менен машыгат. Атагы артып турса да кымбат баалуу кийим, гаджеттерге кызыкпайт. Актриса китеп окуганды жакшы көрөт. Анын сүйүктүү жазуучуларынын арасында Франц Кафка, Карлос Кастанеда, Урсула Ле Гуиндин чыгармалары, ошондой эле Тим Бёртондун жана Дэвид Линчтин тасмаларын көрүүнү жактырат.

20-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан