Нарын шаарынын борбордук көчөсү 15 метрге чейин кеңейтилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолду кеңейтүүгө бюджеттен 727 миллион сом бөлүндү. Жолдун курулушу 2025-жылдын 1-августунда аяктап, пайдаланууга берилери мерчемделген.
"Борбордук Ленин көчөсүнүн 9,5 чакырымы кеңейтилет. Учурда жол жээгинде мыйзамсыз курулган имараттар, дарактар алынууда", - деп жазылат анда.