Азияда биринчи жолу маймыл чечеги оорусун жуктурган бейтап Пакистанда катталды. Бул тууралуу кечээ, 19-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирүү таратты.
Андагы маалыматка караганда, бейтаптан вирустун Clade 2 түрү аныкталган, азыркы тапта кооптуу түрүнө чалдыккандар жок.
"Учурда Пакистанда вирустун Clade 1 түрүн жугузуп алган бир дагы адам катталган жок", - деп билдирген мекемеден.
Адистердин айтымында, маймыл чечеги Clade 1 жана Clade 2 деп эки түргө бөлүнөт. Оорунун Clade 1 түрү тез жайылат жана андан өлүмгө учурагандар көп болууда.
Учурда Пакистандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө киргендерди жана чыккандарды тыкыр көзөмөлгө алып, шектүү симптомдор байкалса текшерип чыгууну тапшырды.
Ооруну жуктуруп алган бейтап Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бирине барганы айтылган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке чалдыккандар Европа аймагында жакынкы күндөрү каттала башташы ыктымал экенин эскерткен. Андан мурдараак аталган уюм Африкадагы mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген.
Илдеттин жайылышы 2023-жылдын январь айынды Конго Демократиялык Республикасында башталган. Ошондон бери mpox бул өлкөдө 27 миңден ашуун адамда катталган. Анын ичинен 1 миң 100 киши каза болсо, алардын көбү балдар болгон.