Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында алгачкы жыйын өттү

Бүгүн, 20-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, отурумда Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен долбоордук компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.

"Ведомстволор аралык комиссия – Кыргызстандын темир жолдор тармагын өнүктүрүү жана темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Жыйын соңунда тиешелүү кызматтарга иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул эл аралык темир жол долбоорун ишке ашыруу этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан