Баткен-Боз-Адыр унаа жолунун 7 чакырымы асфальтталды

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, быйылкы жылдын титулдук тизмесинин негизинде 3 чакырым, ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 4 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралып, план толугу менен аткарылды.
Жумуштар министрликтин №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан