
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры Москва шаарында спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, 30-августтан 3-сентябрга чейин аталган театрдын жамааты Москва шаарында биринчи жолу 5 спектакль коёт.
Моссовет театрында коюлчу спектаклдер:
- Күрөк ханышасы (30-август);
- Мастер жана Маргарита (31-август);
- Сүйүү жана көгүчкөндөр (1-сентябрь);
- Баба Шанель (2-сентябрь);
- Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт (3-сентябрь).