MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору санариптик коопсуздук темасына чоң көңүл бурат. Компаниянын адистери кибергигиенанын пайдубалын эрте куракта түптөш керек экенин белгилешет, анткени балдар смартфондорду, компьютерлерди жана интернетти активдүү колдонуп жатышат.
Дал ушул максатта компания KIBERone Биринчи Эл аралык Кибер мектебинин окуучулары үчүн бир катар экскурсияларды уюштурду. Мындай иш-чаралар мамлекеттик оператор үчүн жакшы салт болуп саналат.
MEGA кызматкерлери жаш IT адистерине тармактагы коргоо жана коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири айтып беришти, өзгөчө киберкоопсуздук жөн гана тренд эмес, реалдуу зарылчылык экенин баса белгилешти.
Балдар ошондой эле уюлдук байланыш оператордун контакт-борборунун жабдууларын жана сервердик бөлмөлөрүн көрүп, өз тармагындагы чыныгы профессионалдар менен баарлашып, иштеп чыгуучу болуу кандай экенин үйрөнүштү. Албетте, экскурсиянын жагымдуу аягы балдар менен кыздардын MEGAдан алган белектери болду.
«Биздин окуучулар көргөндөрүнө сүйүнүштү. Мындай жолугушуулар балдарга алган билимдерин турмушта кантип колдонууга болорун жана келечекте аларды кандай перспективалар күтүп турганын түшүнүүгө жардам берет», - деп KIBERone өкүлдөрү бөлүшүштү.
Ошондой эле, жаңы окуу жылынын башталышында MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору студенттер жана мектеп окуучулары үчүн «Билим 120» атайын социалдык тарифи жөнүндө эске салат, анда окуу процессине ыңгайлуу аралашуу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жана, албетте, байланышты камсыз кылат.
Жумасына болгону 120 сомго сиз:
+ Социалдык тармактар, мессенджерлер жана колдонмолор ЧЕКСИЗ;
+ Кыргыз Республикасынын билим берүү сайттарына акысыз кирүү oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg жана башкалар;
+ Мүмкүн болгон эң жогорку ылдамдыкта 8 ГБ кошумча интернет пакети;
+ Тармактын ичинде чексиз чалуулар жана SMS.
MEGA сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып, мектеп окуучулары үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, студенттер үчүн баа китепчеси, студенттик билет же окуган жеринен маалымкат берүү аркылуу “Билим 120” тарифине кошулсаңыз болот.
Же Mega24 колдонмосунда арыз берүү менен. Mega24’тө арыз берүү үчүн мектеп окуучусу туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн, ал эми студент өзүнүн баа китепчесинин же студенттик билетинин сүрөтүн, же окуган жеринен маалымкатты тиркеп бериши керек.
MEGA менен билим жеткиликтүү!