Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында 3000 кишилик жаңы мечит ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мечиттин курулушу 2021-жылы башталып, керектүү каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган. Быйыл жазында Жайыл районунда марафон уюштурулуп, акча чогултула баштаган.
Мечиттин курулушуна "Катар" кайрымдуулук фонду 30 миллион сом акчалай жардам көрсөтүп, марафондон 5 миллион сомдон ашык акча чогулган.