Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Украинага иш сапары менен барат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Моди Украинадагы согуштук кырдаал башталгандан бери алгачкы ирет ал өлкөгө барууда. Бирок кайсы күнү бара турганы айтылган эмес.
Айрым чет элдик ММКлар анын иш сапары 23-августта болушу мүмкүн экендигин айтышууда. Жана да анын Польшага да ошол күндөрү бара туганы кошумчаланган.
Айта кетсек, июль айында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Москвага эки күндүк иш сапары менен барып, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен жолуккан. Андагы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы кырдаал да козголгон.