Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды 

Бүгүн, 20-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров элчини миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Мамлекет башчысы француз тарапты Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алганы менен куттуктап, Париж Олимпиадасы кыргыз эли, кыргыз мамлекети үчүн тарыхый иш-чара болгонун, себеби кыргыз спортчулары жакшы жыйынтык көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Президент экономикалык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө гидроэнергетика жана туризм тармактарындагы долбоорлорго француз инвесторлорунун катышуусу маанилүү экенине токтоло кетти.

Ошондой эле билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана кыргыз студенттердин Францияда билим алуусуна шарт түзүп берүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Франсуа Делаус эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан ары бекемделишинин чоң келечеги бар экенин айтты.

Элчи Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достук мамилелер бекемделе берерине ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан