Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, жагымсыз жыт чыккандыктан тургундун коңшулары Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан.
Үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен, андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында комиссия түзүлүп, үйдүн короосунан 40 тоннага жакын таштанды чыгарылган.
Аны чыгарууга «Бишкек санитардык полигону», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынан 5 жүк ташуучу унаа жана 1 жүктөгүч тартылган.
Үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.