Аламүдүн районунда трансформаторлор капиталдык оңдоодон өтүүдө

Чүйдүн Аламүдүн районунда 67 трансформатор капиталдык оңдоодон өтүп, 180 темир бетон мамыча орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук электр тармагында күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 65 пайызга аяктады.
"Энергетиктер ушул жылга мерчемделген иштердин алкагында 67 даана трансформатордук көмөк чордон жана 32 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүштү.
Ошондой эле 416 даана трансформатордук көмөк чордон жана 681 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү", - деп жазылат анда.
Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан