Садыр Жапаров Кыргызстандын Орусиядагы жаңы дайындалган элчисин кабыл алды 

Бүгүн, 20-августта өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаевди кабыл алды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Орусия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурду.

Кубанычбек Боконтаев өз кезегинде пландары тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө активдүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан