Израиль менен Ливан бири-бирине чабуул жасашты (видео)

Израилдин коргоо күчтөрү Ливандан атылган 55 ракетаны аныктаганын билдирди. Снаряддардын айрымдары жок кылынса, кээ бири Израилдин түндүгүндөгү ачык аймактарга түшкөнү такталган. Бул туурасында чет элдик басылымалар Израил армиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып жазышууда.

Маалымдалгандай, чабуулдан көп өтпөй Израилдин аскер-аба күчтөрү Ливандын ракеталык кампаларынын бирине сокку урган.

"Чабуул учурунда жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок. Учурда өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары Израилдин түндүгүндөгү бир нече аймактарда аткылоодон улам келип чыккан өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

20-августка караган түнү Израилдин аба күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү Дейр-Канун аймагына чабуул жасаган. Коргоо министрлиги чабуулда Ливандын "Хезболла" кыймылынын ракеталык бөлүгүнүн командири Хусейн Али Хусейн каза болгонун айткан. "Хезболла" анын өлүмүн тастыктаган. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги да аткылоонун натыйжасында тогуз киши каза болгонун билдирген.

20.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан