Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан турак үйлөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш иштери 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда. Ал эми үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.
Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82 миллион 900 миң сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.