Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу Казакстанда селден жабыркаган 34 үй-бүлөгө үй берди.
Ал кезектеги каармандарына үй тартуулаган видеону социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анда көптөгөн адамдарды кубанычка бөлөгөнүн көрүүгө болот.
"Селден жабыркаган 34 үй-бүлө үйлүү болду", - деп жазды ал.
Алардын көпчүлүгү күтүлбөгөн кубанычтан ыйлаганын көрүүгө болот.