15-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ипподромдо кыргыз-өзбек элинин достугун бекемдөө максатын көздөгөн чоң программадагы концерт болуп өттү. Аталган иш-чарага кыргыз жана өзбек эстрадаларынын мега жылдыздары катышты.
Көл жээгинде өткөн эл аралык маданий иш-чаранын коноктору Борбор Азияда хит болуп жаткан "Көк Жигули" жана "Жанзе" аттуу ырлардын аткаруучулары Озода жана Хамдам болду.
Ошондой эле Кыргызстандык ырчы Jax менен Алтынай Асанбекова дагы ырларын тартуулашты.
Кечени өзбекстандык телеалпаруучу, актриса Ситора Фармонова жана Санжар Мыкыев алып барды.
Концерттеги репортажды SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрсөңүз болот.