Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге окшош кишинин тойдо жүргөн видеосу социалдык тармактарга тарап, талкууга алынууда.
Видеону казакстандык тамада өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Видеодо көрүнгөндөй, той алып барып жаткан тамада казак президентине окшош адамды атайын залга чакырган.
"Касым-Жомарт Кемелевичке окшош экенби?", - деп суроо салды тамада.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул видеонун монтаж экенин айтышса, айрымдары аталган киши казак президентине эле эмес, Алматы акими Эрболат Досаевге да окшош экенин жазышууда.
Видеону 400 миңдей адам көрдү.