Америкалык ишкер Илон Маск Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго Tesla Cybertruck электр унаасын бербегенин айтты. Бул тууралуу ал X социалдык тармагынын колдонуучуларынын биринин билдирүүсүнө жооп берип жатып айткан.
Социалдык тармактын колдонуучусу Илон Маск "АКШнын санкциялар астындагы душманына" Tesla Cybertruck жеткиргенин жазган. Ага Маск "Сиз ушунчалык артта калгансызбы, мен орус генералына Cybertruck бердим деп ойлойсузбу? Укмуштуудай ой жүгүртүү", - деп жооп берди.
17-августта Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Илон Масктан Tesla Cybertruck электр унаасын алганын жарыялаган. Ошондой эле электромобилди сынап көрүп, унаа атайын аскердик операция зонасында аскерлерге берилерин билдирген.