Кечээ, 20-августта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Чолпон-Ата шаарында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Азыгалиев Кыргызстандын жарандарына Орусияга кетер алдында ар тараптуу колдоо көрсөтүп, керектүү маалыматтарды бере турган миграциялык борбор түзүү демилгесин көтөрдү.
Ошондой эле этностор аралык байланыштарды чыңдоо жана Орусиянын аймагында иштеп, жашап жаткан мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалог үчүн бири-бирине ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык өз ара аракеттенүү жаатында активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.