Милиция кызматкери Ысык-Көлдүн тескейинен күнгөйүнө сүзүп өттү

Кечээ, 20-августта ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери Улан Өмүралиев Ысык-Көлдү 16 чакырым аралыкты сүзүп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, милиционер Кара-Талаа айылынан таңкы саат 05:45те сүзүп баштап, саат 14:30да Тору-Айгыр айылынан ийгиликтүү аяктаган. Сүзүп өткөн суунун жалпы узундугу 16 чакырымды түзгөн.

Жээкте милиция кызматкерин кесиптештери жана жакындары салтанаттуу тосуп алышты. Улан Өмүралиев бул ийгилигин Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнады.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан