Кыргызстан менен Франциянын ортосунда маданий борборлорду түзүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн маданий-гуманитардык чөйрөсүндөгү өз ара кызмматташуусу талкууланды. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда маданий борборлорду түзүүнүн жана иштөөнүн перспективалары боюнча пикир алышты.

"2023-окуу жылында Франциянын жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 122 студенттин кабыл алынышы белгиленди, бул билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуунун мисалы болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан