"Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы сентябрда жасалары пландалууда 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле Барскоон-Үчтурфан-Аксу унаа жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Белгилүү болгондой, сентябрда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы жасалары пландалууда. Азыркы учурга карата “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктундагы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү. Ал эми калган эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Мындан тышкары эки мамлекеттин ортосундагы “Эркеч-Там” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан