Чүйдө 353 гектар өнөр жай багытындагы жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Кемин районундагы базар баасы 4 миллиард 7 миллион 77 миң сомду түзгөн 353,3 гектар өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта УКМКдан билдирди.

"Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Н.М. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп бергени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштер улантылып жатканы кошумчаланды.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан