Америкалык белгилүү ырчы жана кино жылдызы Женнифер Лопес эки жылдык никеден кийин актёр Бен Аффлек менен ажырашууга арыз жазды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Лопес кечээ, 20-августта Лос-Анжелесте ажырашууга арызын берген, ал Жоржия штатында экинчи ирет өткөн үйлөнүү аземинин эки жылдыгына туш келген.
Документтерге ылайык, Лопес менен Аффлек расмий эмес түрдө 26-апрелде ажырашышкан, башкача айтканда, алардын эки ажырымга кетүүсүнө дээрлик төрт ай болгон.
Айта кетсек, 2000-жылдардын башында сүйлөшүп жүргөн ырчы менен актёр 2021-жылы мамилесин улантып, 2022-жылы 16-июлда баш кошушкан.
Акыркы бир нече айдан бери Лопес менен Аффлек ажырашып, чогуу жашаган үйүн сатыкка койгону тууралуу бир нече маалыматтар чыккан.