Москва бүгүн, 21-августка караган түнү Украинанын учкучсуз учуучу аппараттарынын чабуулуна дуушар болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, Орусиянын абадан коргонуу системалары борборду көздөй учкан 11 учкучсуз учакты жок кылган. Дрондордун айрымдары Москванын борборунан болжол менен 38 чакырым түштүк тарапта жайгашкан Подольск шаарынын үстүндө жок кылынган.
"Бул Москвага учкучсуз учактар менен кол салуу аракеттеринин эң ириси", - деп жазды Собянин Москва убактысы боюнча таңкы саат 4:43тө.
Борбор калаанын мэри билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча кол салуулардан эч ким жабыркаган эмес.