15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Анткени Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өскөндүгү түрткү болгон.
Ал эми 16-августта Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.
Ал арада Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө өлкөдө маймыл чечек оорусунун катталбагындыгын жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал стабилдүү экендигин билдирген.
Маймыл чечеги кандай оору, анын негизги белгилери жана дарылануу багыты боюнча SUPER.KG порталына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологу Венера Алымкулова кыскача айтып берди.
Маймыл чечек кандай оору жана анын негизги белгилери кандай?
- Маймыл чечек илдети – маймыл чечек вирусунан келип чыккан вирустук оору, анын белгилери адамдарда мурда кадимки чечек илдети менен ооруган бейтаптардыкына окшош, бирок анча кооптуу эмес.
Адатта исиркектер биринчи симптомдордон 1-5 күн өткөндөн кийин пайда болот, көбүнчө бетте башталып, андан кийин дененин башка бөлүктөрүнө, айрыкча кол-буттарга тарайт.
Исиркектер (чечек сыяктуу көрүнүшү мүмкүн) көтөрүлгөн тактар түрүндө башталат, алар суюктукка толгон кичинекей ыйлаакчаларга айланат. Бул ыйлаакчалар кийинчерээк түшөт. Адатта вирус жуккан адам 2-4 жуманын ичинде толук тазаланат.
Маймыл чечектин алгачкы белгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
Маймыл чечек кантип жугат жана эмне кылуу керек?
- Вирус жуккан адам менен тыгыз физикалык байланыш болсо анда жугуу коркунучу бар. Ошондой эле кан, дене суюктуктары, тери же былжыр челдин жабыркашы аркылуу жугат. Инфекция жуккан адам колдонгон кийим же шейшеп жугуу жолдоруна алып келиши толук мүмкүн. Жана да маймыл чечек вирус алып жүргөн жан-жаныбарлар аркылуу да пайда болот.
Белгилей кетсек, маймыл чечеги негизинен респиратордук вирус эмес, андыктан COVID-19 сыяктуу таралбайт жана мурда респиратордук оорулары бар адамдарга да ошондой таасир этиши күмөн.
Эгерде жогоруда белгиленген негизги белгилер байкалса жарандар дүрбөлөңгө түшпөй, түз эле дарыгерге барганы оң. Анткени өз алдынча дарылануу кооптуу. Ал маймыл чечектин жайылышына түз өбөлгө түзөт. Андыктан медицина кызматкерлери аркылуу жаран өзгөчө терапия алып, бат айыгып, жугуштуу оорудан коомду сактап кала алат. Ошондой эле бейтап ал учурда психологиялык жардамга өтө муктаж болот.
Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?
Министрлик тарабынан маймыл чечек оорусунун келип чыгышын алдын алуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара постордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пунктарда алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө санитардык карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды өз убагында аныктоо үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган.
Саламаттык сактоо министрлиги ДСУнун техникалык колдоосу менен 2022-жылы маймыл чечек вирусун аныктоо үчүн 3000 ПЧР тест-системаларын алган. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Ош шаардык санитардык кызмат борборунун лабораториялары эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык маймыл чечек оорусу боюнча абалы туруктуу эмес өлкөлөрдөн кайтып келген адамдарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө. 19-августка карата 500 ПЧР тест системасы бар.
Маймыл чечек оорусуна байланыштуу айрым өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштайт.