Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кавказдын үч аймагына иш сапары менен барды. Маршруттун акыркы чекити Чечен Республикасы болгонун Кремль кабарлады.
Орус президентин Грозный аэропортунан Рамзан Кадыров тосуп алган. Путин акыркы жолу 2011-жылы премьер-министр катары Чеченстанда болгон.
"Президенттин республикага келгени бизди кубантат", - деген Кадыров.
Путин Грозныйга болгон иш сапарынын алкагында Ахмат Кадыровдун мүрзөсүнө гүл койду. Андан соң Орусиянын атайын даярдыктагы университетинде болуп, иш-сапар Рамзан Кадыров менен сүйлөшүүсүнөн кийин аяктады.