Биз социалдык тармакта

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов каза болду

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошов 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, ардагер 2-топтогу майып болгон. Ал 1925-жылы 25-июнда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган.
"1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154 аткычтар полкунда 2 жыл кызмат өтөгөн. 1950-жылдын май айына чейин 8 жыл мекенге кызмат кылган.
1945-жылдын 9-августунда япондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Япон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейинки согуштун аягына чейин катышкан.
Согуштагы эрдиктери үчүн III даражадагы орденге жана башка медалдарга татыктуу болгон", - деп жазылат анда.
2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келген. Маркумдун артында бир уул, бир кызы, 15 небереси, 50 чебереси жана 1 кыбырасы калды.
Ардагер бүгүн Шаңкол айылында саат 14:00дө акыркы сапарга узатылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан