Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ири мүйүздүү мал алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-августта Талас облусунун Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Ак-Таш” тоолуу аймагында Казакстандан өлкөгө мыйзамсыз мал алып өтүү учурунда кыргыз жарандары кармалган.

Кармалган Ш.К. жана С.у.Б. Талас районунун Сары-Булак айылынын тургундары болгон.

Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан