Өлкөдө 8 миңге жакын бош жумуш орундары бар. Тизме

Кыргызстанда жалпы 8 миңге жакын бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрлик иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүзгөн. Анда 2024-жылдын 1-августуна карата эмгек рыногунда 7 миң 848 жумуш оруну суроо-талапка ээ экени аныкталган.

Алар:

  • Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203;
  • Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, медайым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 587;
  • Адистер – 150;
  • Кассирлер – 186;
  • Соода агенттери – 115;
  • Менеджерлер – 46
  • Бухгалтерлер – 39;
  • Юристтер – 32;
  • Экономисттер – 29;
  • Инженер-механиктер – 13;
  • Психологдор – 13;
  • Тигүүчүлөр – 2112;
  • Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 576;
  • Айдоочулар – 617;
  • Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (чачтарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 1 миң 34;
  • Ар тараптуу жумушчулар – 2 миң 96.

Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 миң 866 сом, курулуш – 34 миң 554 сом, соода сатык – 37 миң 601 сом, унаа тармагында – 46 миң 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 миң 679 сом, финансы тармагы – 62 миң 298 сом, билим берүү тармагы – 25 миң 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 миң 368 сомду түзөт.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек. Ал эми маалыматтарды zanyatost.kg порталынан жана контакты блогунан ар бир райондун даректери менен таанышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан