"Аль-Наср" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналдунун YouTube каналы бир нече рекордду койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Роналдунун YouTube каналы июль айында ачылган. Кечээ, 21-августта футболчу каналына алгачкы видеосун жарыялагандан кийин 1 сааттын ичинде 1 миллион катталуучу катталган.
Канал 1 сааттын ичинде көп адам топтогону жана бир күндө көп катталуучуга ээ болгону боюнча рекорд коюп, эң көп катталуучусу бар канал болуп калды.
Учурда футболчунун “UR · Cristiano” деп аталган каналында 14 миллиондон ашык катталуучусу бар.