Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Астанадагы элчиси Павел Утюпинди президент Александр Лукашенконун орусиялык телеканалга берген интервьюсунан кийин чакырды.
Интервьюда Лукашенко бир катар постсоветтик мамлекеттердин, анын ичинде Казакстандын тышкы саясатын сындап, бул өлкөлөр “эч нерсе бербестен Орусиядан бир нерсе алууну көздөйт” деп билдирген.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ведомствонун жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеу Лукашенконун билдирүүсүнө макул эместигин билдирип, Казакстан БУУнун Уставына жана эл аралык укукка ылайык тең салмактуу жана тынч тышкы саясат жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Нуртлеу белгилегендей, Казакстан мамлекеттер ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүү зарылдыгына ынанат.
Лукашенко ошондой эле Казакстанда “бир нерсе болгондо” Акорда “Кытайга, Индияга же Пакистанга эмес”, Орусия менен Беларуска жардам сурап кайрылганын айткан.
"Биз ал жакка (ред.: ЖККУнун күчтөрүн 2022-жылдын январында) жарым күндүн ичинде жайгаштырдык. Биздин учактар Казакстанга конуп, абалды тынчтандырган", - деген ал.
Астана Казакстандын тышкы саясаты азыркы геосаясий шарттарда өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.
Лукашенконун бул сөздөрү Арменияда да терс реакцияларды жаратып, демонстранттар Беларустун элчилигинин имаратына жумуртка, помидор жана картошка ыргытышты. Лукашенко маегинде Армения бийлигинин Батыш өлкөлөрү менен жакындашуу саясатын сындап, армяндар “бизден башка” эч кимге кереги жок деп айткан.