Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын ага тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, милициянын капитаны М.Н. 550 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алып жаткан жеринен кармалды. Ал арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн 8 миң АКШ долларын талап кылган.
Шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, тергөө абагына киргизилди.