Орусия АКШ жана анын союздаштарынын аракеттери дүйнөлүк согушка алып келерин эскертти

Сергей Чемезов менен Владимир Путин

Эгер Вашингтон "Украинанын айланасында жаңжалды курчутуп, Орусиянын аймагына кол салууларды колдосо" АКШ жана анын Батыштагы союздаштарынын аракеттери дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу “Ростех” мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси жана орус президенти Владимир Путиндин жакын адамы Сергей Чемезов билдирди.

"Биз тынчтыкта ​​жашоого умтулабыз, бирок АКШ башында турган Батыш согушту тутандырып жаткан кырдаалда биз даяр болушубуз керек", - деди ал.

Reuters агенттигинин суроолоруна жазуу түрүндө жооп берген Чемезов, Кремлдин позициясын кайталап, “атайын операция” Батыш менен Орусиянын ортосундагы жаңжал деп ырастады. Ошондой эле ал АКШнын Украинаны курал менен камсыз кылуу жана Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү аракеттери дүйнөнү глобалдык жаңжалга сүйрөп кетүү коркунучун күчөтөрүн эскертти.

Чемезов кыйынчылыктарга карабай санкциялардан жакшы жактарын көрөт. Анын айтымында, Boeing жана Airbus сыяктуу ири компаниялардын кетиши "Ростехке" учак өндүрүшү, энергетикалык жабдуулар жана медициналык жабдуулар рыногунда олуттуу үлүштөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Биз кырдаалдын оң жактарын карап, керектүү тыянактарды чыгара алдык. Алардын бири: Батыш өлкөлөрү менен ишенимге негизделген биргелешкен бизнес мындан ары болбойт!” - деди Чемезов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан