Криштиану Роналду YouTube'да укмуштуудай акча таба баштады

Атактуу футболчу Криштиану Роналду YouTube жылдызына айланды жана анын жазылуучуларынын саны 17 миллиондон ашты.

Анын UR Cristiano ютуб каналы 1 миллион жазылуучуну эң тез чогултуу боюнча рекорд койду. Ага 1 миллион катталуучуну чогултуу үчүн болгону 1 саат гана керектелген. Азыр анын ютубдагы катталуучуларынын саны 17 миллиондон ашты. Муну менен Роналдунун мындан аркы киреше алуу үчүн эбегейсиз потенциалы бар.

Тагыраагы Роналдунун YouTube'дагы каналында ар бир көрүү үчүн 2 доллардан 12 долларга чейин берилет. Роналдунун акыркы видеосу 7 миллион 200 миңден ашык көрүлгөн. Ошентип, 11 сааттын ичинде ал бир видео үчүн болжол менен 12 миллион доллардай каражат тапканга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан