UFC уюмунун мурдагы мушкери Мухамед Мокаев Дагестанда унаасы менен кетип бара жатып, кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык Дагестандын Хасавюрт шаарчасынын четинде болгон. Анда мушкер өзүнө тиешелүү Mercedes-Benz AMG A35 үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып рулду башкара албай калып, унаасы арыкка кирип кеткен. Аны окуянын күбөлөрү унаадан алып чыгышкан.
Кырсыктан кийин Мокаев жанындагылардан "Мени сүрөткө тартпагылачы" деп суранган. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.
Эске сала кетсек, Мухаммад Мокаев UFC уюмунда жети беттеш өткөрүп, баарын жеңип, андан кийин уюмдан кеткен. Уюмдун президенти Дана Уайт Мокаевдин кетишин атаандаштары менен болгон жаңжалга байлаган.
Мокаев дагестандык, бирок профессионалдык ММА боюнча британ желеги астында чыгат. Ал бала кезинен бери Манчестерде жашап, машыгып келет.