Исландиянын Гриндавик шаарына жакын жерде жайгашкан Сундхнукур жанар тоосу атыла баштады. Буга байланыштуу тоого жакын аймактардагы адамдар эвакуацияланууда. Атылуу кечээ, 22-август күнү саат 21:26да катуу жер титирөөдөн кийин башталган.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, от чыккан жараканын узундугу 40 мүнөттө бир жарым чакырымга жетип, учурда 3,9 чакырымга жеткени айтылды.
Бул тапта жанар тоо атылып жаткан аймактагы адамдардын баары эвакуацияланган. "Азыр ал жерде куткаруучулар менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү гана жүрүшөт", - деп айтылат маалыматта.