Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышуунун алкагында Монголиянын биринчи айымы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Монголиянын биринчи айымы тараптар эки өлкө ортосундагы салттуу достукту мындан ары да бекемдей берерине ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле Монгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.