"Ош" аэропортунда чет элдик валютаны өлкөдөн мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 99 миң 700 швейцариялык франк (9 миллион 835 миң 405 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын Орусияга алып чыгууга аракет кылган 1999-жылы туулган Х.А. аттуу Кыргыз жараны кармалды.
Аталган факты боюнча материалдар УКМКнын Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: 2023-жылы 13-январда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.