Бүгүн, 23-август туулган күн тоскондордун катарында телеалпаруучу, тамада Айзада Жамгырчиева дагы бар. Ал бул жылы 29 жашка толду.
Анын сахнадагы кесиптештери, жакындары, достору туулган күнүн утурлай социалдык тармактарда куттуктоолорун жазышууда.
Жамгырчиева өзүнүн Инстаграм баракчасында туулган күнүнө карата видео жүктөп, бул жыл сүйүүгө толгон жыл болгонун жаза кетти.
"Бул жыл мен үчүн сүйүүгө толгон жылдардан болду, жанымда болуп кыйын учурда кимдин ким экенин көрсөткөн сабак жыл болдуң. Рахмат сага, 28 жашым! Кош келдиң, 29 жашым!" - деп жазган ал.
Айзада Жамгырчиева Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында 1995-жылы 23-августта төрөлгөн. Бала кезинен ырдаганды жакшы көрүп, мектепте ар кандай иш-чараларга активдүү катышкан. Мектепти аяктаган соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырган. Аталган окуу жайдан бакалавриат жана магистратурасын аяктаган. Ал 17 жашынан бери алып баруучулук кесипти аркалап келет. Учурда мамлекеттик иш-чараларды алып барып, тамада болуп дагы эмгектенет.
23-августка карата жылнаама.