Орус өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров Курск облусунун чек арага жакын жайгашкан “кооптуу” аймактарынан 115 миң адам көчүрүлгөнүн билдирди. Мындай билдирүү Белгород, Брянск жана Курск облустарындагы кырдаал боюнча президент Владимир Путиндин төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды.
Бул Путиндин украин аскерлери Курск аймагына киргенден кийинки экинчи жыйыны. Биринчиси 12-августта болгон.
Мантуров жер которгондор үчүн убактылуу жашоо жана тамактануу борборлору Орусиянын 29 аймагында уюштурулганын белгиледи. Бул пункттарды камсыз кылуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1,9 миллиард рубль бөлгөн. Дагы 858 миллион рубль чек ара аймактарында мүлкүн жоготкон жарандарга жардам көрсөтүү үчүн бөлүнөт.
Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов облустун чек ара аймактарынан жалпы 130 миңден ашуун адам чыгып кеткендигин, ал эми 20 миңге жакыны калганын билдирди.
Брянск облусунун губернатору Александр Богомаздын айтымында, 21-августта аймакка 23 учкучсуз учак чабуул койгон. Кечинде украиналык диверсиялык-чалгындоочу топтор Климовск районунун аймагына кирүүгө аракет кылышкан, бирок чек арачылар жана аскер кызматкерлери алардын мизин кайтарган. Богомаздын айтымында, кырдаал турукташып оперативдүү штабдын көзөмөлүндө турат.
Белгород облусунда губернатор Вячеслав Гладковдун айтымында, тынымсыз аткылоодон улам 30 конушка кирүү жабылды. 113 мектепте дистанттык окутуу уюштурулат. Гладков ошондой эле айыл чарбасына үч миллиард рублга жакын, ал эми бизнеске бир миллиардга жакын зыян келтирилгенин билдирди.
Баяндамаларды уккандан кийин президент Владимир Путин “элге натыйжалуу жардам” көрсөтүү үчүн жергиликтүү бийлик менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле коопсуздук маселелери укук коргоо органдарынын жоопкерчилигинде экенин, бул өзүнчө тема экенин белгиледи.
Украин аскерлери Курск аймагына 6-августта эртең менен кирген. 20-август күнү кечинде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский украин күчтөрү Курск аймагындагы 93 калктуу пунктту көзөмөлдөп турганын билдирди. 22-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы бир конушту басып алганын жарыялаган. Орус тарап бул маалымат боюнча комментарий берген жок.