Орусиянын Волгоград облусундагы №19 колонияны белгисиз адамдар басып алды. Мындай маалыматты Орусиянын федералдык кызматы тастыктаган.
Маалыматка ылайык, окуядан жабыркагандар бар. Белгиленгендей, колонияда барымтага алуу тартип комиссиясынын отурумунда болгон.
Baza тelegram каналынын алдын ала маалыматы боюнча, кеминде колониянын бир кызматкери каза болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон.
Учурда жеринде полиция кызматы иш алып барууда.