Орусиянын Волгоград шаарындагы №19 колонияны басып алган төрт террорчу снайперлердин жардамы менен жок кылынды. Бул тууралуу MASH телеграм каналы жазды.
Алгач террорчуларга Волгограддагы Тажикстандын диаспорасынын өкүлдөрү сүйлөшүүгө киргизилген. Андан майнап чыкпагандыктан штурм башталган. Алгач снайперлер террорчуларды жарадар кылышкан. Анан Росгвардиянын кызматкерлери штурмду улантып колонияга кирип, террорчулардын бардыгын жок кылышкан.
Террорчуларды жок кылуу маалында тажикстандык 23 жаштагы Рустамчон Наврузи жанкечтилик жилет менен өзүн жардырууга аракет кылган. Бирок система иштеген эмес. Атайын күчтөр аны жок кылууга жетишкен.
Бүгүн, 23-август күнү түштөн кийин Волгограддагы №19 колонияны туткундар барымтага алышкан. Бул окуя Путинге жеткирилип, ал Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.