Волгограддагы окуя: Туткундардын бири колония кызматкерине жардам бергени айтылды

Волгограддагы №19 колонияда барымтага алуу учурунда туткундардын бири колониянын кызматкерине жардам берем деп жатып жарадар болду. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Telegram каналдын маалыматына караганда, террорчулар барымтага алууну баштаганда медициналык бөлүмдө 45 жаштагы Александр Бойко болгон. Ал террорчулар колониянын кызматкерлерин сабап, бычак такап жатканын көрүп, жардамга шашылып, жарадар болгон. Ал киши колонияда террорчулардан башка жарадар болгон жалгыз туткун болуп чыкты.

Буга чейин Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматы №19 колонияны басып алуунун натыйжасында төрт кызматкер каза болгонун билдирди. Ооруканада дагы беш адам жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан