Түндө Баткенде жер титиреди

Бүгүн, 24-августка караган түнү Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түндө саат 2:32де жер силкинип, анын күчү дээрлик 5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Талаа айылынан 26 чакырым түштүк-чыгышта, Жоо-Пая айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Карамык айылынан 46 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жоо-Пая айылдарында 4 баллга жакын, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Кара-Тейит айыдарында 3 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан