Америкалык ырчы Жастин Бибер алгачкы ирет ата статусуна ээ болду.
Ал Инстаграм баракчасына сүрөт менен бөлүшүп, астына уулдуу болгонун жазды. Бирок ымыркай качан төрөлгөнүн тактаган эмес.
Жастин Бибер жана жубайы Хейли Бибер уулуна Жек Блюз деген ысымды койгон.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 2018-жылы баш кошушкан.